7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Рубеж-2024» машыгуусунун алкагында оперативдик жыйын өткөрүлүүдө

423

14-октябрдан 16-октябрына чейин Тажикстандын Коргоо министрлигинин «Харбмайдон» полигонунда «ЖККУга мүчө-мамлекеттердин аймагына басып кирген мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылуу боюнча Борбор-Азия регионунун Тез жайылтуучу жамааттык күчтөрүнүн (БАР ТЖЖК) командачылыгы менен оперативдик жыйыны өткөрүлүүдө.

Оперативдик жыйынга Борбор-Азия регионунун Тез жайылтуучу жамааттык күчтөрүнүн курамына кирген коргоо ведомстволорунун аскердик контингенттери болгон Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын жана Тажикстандын башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле ЖККУнун Бириккен штабынын оперативдик тобу катышууда.

Жыйындын максаты — ушул жылдын 17-21-октябрында өткөрүлө турган «Рубеж-2024» биргелешкен машыгуусунун активдүү фазасын өткөрүү алдында Борбор-Азия регионунун Тез жайылтуучу жамааттык күчтөрүнүн башкаруу органдарынын оперативдик курамынын ишин уюштурууга бирдиктүү иш-аракеттерин иштеп чыгуу, күжүрмөн аракеттерди жүргүзүүгө даярдыктын жүрүшүндө кызмат адамдарынын билимдерин, көндүмдөрүн жана жөндөмдөрүн өркүндөтүү, ошондой эле Борбор-Азия регионунун Тез жайылтуучу жамааттык күчтөрүнүн аскердик жамааттарын, командачылыгын жана штабын жөнгө салуу болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик контингенти 73809 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын оперативдик тобунан түзүлгөн.

424