7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эртең Бишкекте эки жаңы футбол объектиси ачылат

378

22-октябрда Бишкекте эки жаңы футболдук объектинин ачылышы болот. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди.

Биринчиси, капиталдык реконструкциядан өткөн КФБнын футбол борбору. 3,374 гектар аянтты ээлеген объект Футбол академиясы деген аталыш менен ачылат. Академияда спорттук машыгуулар үчүн заманбап шарттар түзүлдү. Мейманкана комплекси, чечинүүчү бөлмөлөр, ашкана, үч ири машыгуу аянтчалары, жабык трибуналар жана 7+1 оюндары үчүн бир аянт курулган. Бардык талаалар автоматтык сугат системасы менен жабдылган жана кечки оюндарга атайын заманбап жарыктар орнотулган.

Ал эми экинчи объект, Орок айылында 3,5022 гектар жер тилкесинде жайгашкан «Мурас Юнайтед» футбол клубунун машыгуу базасы. Базада чоң мейманкана комплекси, футзал боюнча машыгуу аянтчалары, бир толук көлөмдүү гибриддик аянтча жана дагы бир жабык оюн талаасы бар.

Обьектилердин ачылышы өлкөнүн футбол инфраструктурасын өнүктүрүүдө олуттуу этап болуп саналат жана жаш спортчулардын өсүп-өнүгүүсүнө жана машыгуусуна жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

 

379