ФИФАнын расмий сайтында футбол боюнча Улуттук курамалардын жаңыланган рейтинги чыкты.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы буга чейинки рейтингге салыштырмалуу 3 сапка көтөрүлүп, 103-орунду ээледи. Кураманын капчыгында 1207 упай бар.
Ал эми, АФК зонасында курама 17-орунда.