Кыргызтанда 21-октябрдан 27-октябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 18 миң 682 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 555;
 - мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу – 237;
 - авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 51;
 - жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 326;
 - транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 202;
 - авто ээнбаштык – 6;
 - белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 492;
 - жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 2;
 - башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 137;
 
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 783 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган. ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.



