7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сосновка постунда жүк ташуучу унааларга кайрадан чектөө кирди

375

Бүгүн, 29-октябрда саат 12:35ке карата Сосновка постунда жана Төө-Ашуу ашуусунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдирди.

Учурда көпчүлүк унаалар жайкы дөнгөлөктөрү менен жолго чыгып алганадыктан каттамда кыйынчылык жаралып, тыгындар болууда. Ошондой эле атайын техниканын жумушуна тоскоолдук жаралууда.

№9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан жолду кардан тазалоо жана кум-туз аралашмасын себүү иштери жүргүзүлүүдө.

Министрлик ашуу тилкелерге сөзсүз кышкы дөңгөлөк менен чыгууну, тайгакка каршы чынжырларды алып жүрүүнү жана 500 метр аралыкты сактоону эскертет.

376