7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кытайда каза болгон кыргызстандык төрт айдан кийин жерге берилди

1202

Кытайда каза болгон кыргызстандыктын сөөгү төрт айдан кийин жерге берилди. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы «Адилет» укук коргоо уюму билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылы 22-ноябрда Кытайда каза болгон Э.Кенжибаевдин кичи мекени Жалал-Абадда жерге берилди.

Эскерте кетсек, буга чейин маркумдун кызы Кытайдан атасынын сөөгүн ташуу үчүн дээрлик 13,5 миң доллар которгонун билдирген. Бирок маселе көпкө чейин чечилбей келген. Ал «Адилет» уюмуна жардам сурап кайрылган.

Бир нече убакыт өткөндөн кийин, Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматынын департаменти Кытайдан кыргызстандыктын сөөгүн алып өтүүгө тоскоол болгон кыйынчылыктар жөнүндө билдирген.

Маалыматка ылайык, 27-мартта 58 жаштагы Кенжибаевдин сөөгүн мекенине алынып келинип, атасынын бейитинин жанына коюлду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1203