7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кызмат абалынан пайдаланган башчы кармалды

348

Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Шаардык кеңештин мурдагы депутаты И.А.Ш.нын пайдасына “Туран” кичи районунун түштүк бөлүгүндө жайгашкан жалпы аянты 2,2 га, айылдын сел сууларын агызуучу  каналдын жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө Ош шаарынын мэриясынын ММБнын башчысы П.А.А., Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы болуп иштөө учурунда, Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты И.А.Ш.га  сел сууларын агызуучу каналдын жер тилкесин жеке менчикке берүү үчүн жасалма аукционду уюштурууга көмөктөшкөнү аныкталган.

Кылмыш ишинин алкагында Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы кармалып, тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүү үчүн УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Буга чейин аталган кылмыш иши боюнча Ош шаарынын экс-вице-мэри Ж.М.Азимов, Ош аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын экс-башчысы А.А.Токошев, Ош шаарынын мэриясынын ММБ экс-башчысы А.Э.Семетеев жана «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын экс-башчысы И.Б.Сансызбаев кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

349