7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте телефон уурдап жүргөн шектүү кармалды

486

Бишкекте уурулукка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-декабрь күнү жаран арыз менен кайрылып, Бишкек шаарынын Токтогул жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен саат 13:00 чамасында 55 миң сомду түзгөн Айфон 11 үлгүсүндөгү телефонун уурдап, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен адамга карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1997-жылы туулган шектүү аныкталып, кармалган.

Белгилей кетсек, шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыш фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталган.

487