7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК салык кызматынын төрт жетекчисин кармады

548

Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган Мамлекеттик салык кызматынын төрт жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Маалыматка караганда, кээ бир ири өндүрүүчүлөр, алкоголдук жана курамында кант бар азыктарды, ошондой эле тамекини импорттоочулар республиканын түштүгүнө товарын жеткирип, андан кийин жөнөтүү документтерин кайра жокко чыгарган.

Салыкчылар мындай ишти атайын эле көз жаздымда калтырганы айтылды. Быйыл эле 3,2 млрд сомго бааланган товардын документтери артка кайтарылган. Бишкектин үч райондук салык башкармалыгынын жетекчилери жана ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы кармалды.

549