7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чоң Чүй каналына «Hyundai Solaris» үлгүсүндөгү унаа түшүп кетти

739

Бишкек шаарындагы Чоң Чүй каналына бүгүн эртең менен «Hyundai Solaris» үлгүсүндөгү автоунаасы түшүп кетти. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, куткаруу кызматына күбөлөр саат 06:02де каналдын Алматы көчөсү менен кесилишкен жерине жеңил автоунаа түшүп кеткенин айтышкан.

«Атайын техниканын жардамы менен машина суудан тартып чыгарылды. Кырсыктан жабыркагандар жок, унаа Кайгуул милициянын кызматкерлерине өткөрүп берилген», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

740