7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты

347

Бүгүн, 10-декабрдагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы. Ал эми, мыйзам долбоорлору тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов маалымат берди.

Анын айтымында, «Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун максаты жарандардын жана диний бирикмелердин ишиндеги укуктарын жана жоопкерчиликтерин ишке ашыруу жана диний чөйрөдөгү мыйзам актыларын «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келтирүү болуп саналат. Мыйзам долбоору диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын ырааттуулугун камсыз кылууга жана мыйзам базасын өркүндөтүүгө багытталган.

Ошондой эле, «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзам долбоорунда чет өлкөлүк диний билим алуу процессин жөнгө салуу сунушталууда. Мындан сырткары чет өлкөдөгү деструктивдүү диний окуунун таасиринин алдын алуу жана ага жол бербөө, ошондой эле билим алуучулардын статистикасын жүргүзүү максатында чет өлкөдө диний билим алууну каалаган адамдар өздөрүнүн өлкөдөн чыгуусун Дин комиссиясы жана тиешелүү диний уюмдун борбордук башкаруу органы менен макулдашуусу керек. Жогорудагы талаптарды аткарбаган учурда, билим алуучунун диний окууну аяктагандыгын тастыктаган документ Кыргызстандын аймагында жараксыз деп эсептелет.

Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова өлкөдө катталган диний уюмдардын санына көңүл буруп, анын ичинен ажылыкты уюштуруу жаатындагы маселелерди көтөрдү.

Андан тышкары, жыйында «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КРнын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.

348