7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Гимнди өзгөртүү боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

452

Жогорку Кеңештин жыйында мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча депутаттык комиссия түзүлүп ага сегиз депутат — Жанар Акаев, Аккулу Бердиев, Бакытбек Марипов, Винера Раимбачаева, Кубаныбек Самаков, Саидбек Зулпуев, Айбек Маткеримов жана Советбек Рустамбек уулу кирди.

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиевдин айтымында, министрлер кабинети гимндин үч вариантын ЖКга сунуштай турган ведомстволор аралык комиссия түзөт. Кийин алар депутаттык комиссия менен иштеп чыгып, Жогорку Кеңеш үч долбоордун ичинен бирин тандап мыйзам менен бекитет.

Бүгүнкү күндө өлкөбүздө жүрүп жаткан, жаңылануунун ири реформалардын жана калк турмушун жаатындагы алгылыктуу кадамдарды эске алып, өлкөбүздүн эгемендигин жана эркиндигин, калкыбыздын ынтымагын даңазалаган элибиздин келечеккке болгон ой-тилегин, үмүтүн чагылдырган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу, мезгил талабына ылайык эсептейм. Жаңы гимн мыйзам менен кабыл алынат”, — деп белгиледи ал.

Эске салсак, Мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесин парламент төрагасы Нурланбек Шакиев көтөрүп чыгып, апрель айына чейин комиссия түзүп, жаңы гимнди бекитүүнү тапшырган. Спикер азыркы гимндин кайырмасы Кыргыз ССРинин гимнине окшош жана анын сөзүнүн үчүнчү жак менен жазылып калганы боюнча коомчулукта пикирлер айтылып жатканын билдирген.

453