7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шакиев Хорватиянын тышкы жана европалык иштер министрин кабыл алды

370

Бүгүн, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Хорватия Республикасынын тышкы жана европалык иштер министри Гордан Грлич Радманды кабыл алды.

Жолугушууда Кыргызстан менен Хорватиянын саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарын кеңейтүү, айрыкча парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу жаатындагы маселелер талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев тышкы иштер министринин сапары алгач ирет уюштурулуп жатканын эске салып: “Сиздин бул иш сапарыңыз эки өлкөнүн алакасын жаңы деңгээлге көтөрүүгө көмөкчү болот деген ишеничтемин. Кыргызстан Хорватия мамлекети менен бардык багыттарда, анын ичинен туризм, тоо-кен, энергетика, жашыл экономика сыяктуу тармактарда кызматташууга кызыкдар. Ошондой эле эки өлкөнүн соода байланышын да өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ. Анткени, аталган жаатта да мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө чоң. Биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып, тыгыз кызматташуубуз кажет”, – деди.

Ошондой эле байланыштарды өнүктүрүүдө парламенттик дипломатия башкы орунда турарын айткан Төрага: “Эки тараптуу иш сапарларды уюштуруп, парламенттик кызматташтыкты да тереңдетүүбүз зарыл. Депутаттык достук топторун түзүп, тажрыйба алмашуу жаатында да биргелешип иш алып баруубуз керек”, – деди.

Мындан тышкары, маданий-гуманитардык мамилелер тууралуу да сөз кылган Нурланбек Шакиев Хорватия мамлекети өзүнүн туристтик жайлары менен эле өзгөчөлөнбөстөн, мыкты футболчулары менен таанылып келе жатканын белгиледи.

“Бизде да акыркы жылдары спорт тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, анын ичинен футболчуларга керектүү шарттар түзүлө баштады. Буйруса бизден да Лука Модрич, Иван Ракитич өңдүү легендарлуу хорват оюнчуларындай мыкты футболчулар чыгып, өлкөбүздүн байрагын эл аралык деңгээлде желбиретет деген үмүттөбүз. Ошондой эле Хорватияда жыл сайын жаштар арасында футбол турнирлери өтүп, ага дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн жаш спортчулар катышып келе жатканын билебиз. Тышкы иштер министри катары аталган мелдешке кыргызстандык спортчулардын да катышуусуна көмөктөшүүңүздү өтүнөм”, – деди Төрага.

Өз кезегинде  Хорватия Республикасынын тышкы жана европалык иштер министри Гордан Грлич Радман алгачкы иш сапары жемиштүү башталганын белгилеп, жылуу кабыл алганы үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасына ыраазычылык билдирди.

Муну менен катар Хорватия мамлекети Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл буруп жатканын айтып: “Айрыкча саясий-экономикалык өнөктөштүктү өрчүтүү менен билим берүү, саламаттыкты сактоо, туризм өңдүү тармактарда биргелешип иш алып барууга кызыкдарбыз”, – деп кошумчалады министр.

Тагыраагы өзү менен кошо Кыргызстанга Хорватиянын ири ишканаларынын өкүлдөрү жана ишкерлер да келип, бул жактагы мүмкүнчүлүктөр менен таанышып жатышканын маалымдаган тышкы иштер министри: “Биргелешкен бизнес форум мындан аркы байланыштардын жаңы барагын ачат деген үмүттөбүз”, – деди.

Андан сырткары, парламенттик алакаларды арттыруу жаатындагы айтылган сунуштарды да толук колдой тургандыгын белгиледи.

Ошондой эле министр Хорватияда салттуу түрдө өткөрүлүп келе жаткан жаштар арасындагы футбол мелдешине кыргызстандыктардын катышуусуна да көмөк көрсөтөрүн убада кылды.

371