7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты

602

Президент Садыр Жапаров тик учактын кыйрашынан улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Түркия Республикасынын Мугла провинциясында медициналык тез жардам тик учагы Мугла провинциясындагы окуу жана изилдөө ооруканасынын имаратына кулап, анын кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам”, — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

603