7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 200гө чукул темир торчолор ордуна коюлду

525

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарындагы 200гө чукул темир кудуктун капкактарын жана темир торчолорду ордуна коюп чыкты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө жазылгандай, жыл башынан бери 188 темир торчолор ордуна коюлду. Тилекке каршы, кудуктардын капкактарын жана темир торчолордун көпчүлүгү көчөлөргө кайталанып коюлууда.

Акыркы жолу кудуктардын капкактары жана темир торчолор төмөнкү көчөлөргө коюлду:

  • Кустанайский жана Волков көчөлөрү;
  • Баялинов жана Махатма Ганди көчөлөрү;
  • Профсоюзная жана Ак-Эмгек көчөлөрү;
  • Шабдан Баатыр кең көчөсү Валиханов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чыейин.

«Урматтуу шаардыктар, суранабыз темир капкактарды уурдабаңыздар! Бул абдан коркунучтуу. Эгер капкактардын уурдалып бара жатканын көрсөңүздөр 102 номуруна кайрылыңыздар же «Бишкекасфальтсервис» ишканасынын WhatsApp 0550 888162 номерине жазыңыздар», — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

526