7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаңы жыл күнү 64 мас айдоочу кармалды

335

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жаңы жыл майрамын өткөрүү учурунда күчөтүлгөн жогорку баскычта кызмат өтөп, азыркы учурда да улантууда.

Кызмат өтөө учурунда өлкө аймагында одоно жол эрежелерин бузган 2000ден ошуун айдоочулар аныкталган.

Алардын ичинен:
-Мас абалында унаа башкарган 64 айдоочу;
-Көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашырып айдаган 460 айдоочу.
Ошондой эле одоно жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 301 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.

Ал эми өлкө аймагында жалпы 24 жол кырсыгы катталып, көпчүлүгү жеңил материалдык чыгымдар менен коштолгон учурлар.

Өздүк курам арасында эч кандай мыйзам бузууларга жол берилген жок.

Азыркы учурда жол коопсуздугу туруктуу жана баары жетекчиликтин жеке көзөмөлүндө.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

 

336