7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдүн жээгиндеги 392 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

553

Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан 392 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, КР Аскер прокуратурасынын Тергөө башкармалыгы тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун түштүк тарабында көлдүн жээгинде жайгашкан жалпы аянты 11,7 гектар болгон жана наркы 392 млн 652 миң сомго бааланган жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Текшерүү учурунда бул жер тилкеси мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталган.

554