7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев «Барселона» футбол клубунун президенти менен жолукту

379

Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Испанияга болгон иш сапарынын алкагында «Барселона» футбол клубунун президенти Жоан Лапорта менен жолукту. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди.

Аталган эки футбол уюмунун жетекчилери, алар менен кошо Кыргызстандын жаштар курамасынын оюнчулары жана машыктыруучулук штабдын өкүлдөрү менен биргеликте «Барселона» — «Валенсия» беттешине да күбө болушту.

Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө өз ара кызматташтык боюнча бир нече маселелер талкууланды.

Тараптар «Ла Масия» академиясына Кыргызстандан таланттуу оюнчуларды кабыл алуу, машыктыруучуларды даярдоо боюнча консультацияларды уюштуруу, футбол фунцкионерлери үчүн семинарларды өткөрүү, ошондой эле биргелешкен ишмердүүлүктүн башка маселелерин карашты.

Белгилесек, «Ла Масия» «Барселона» академиясынын дүйнөгө белгилүү эң мыкты академиясы болуп, көптөгөн футбол жылдыздарын жандырды.

Эске салсак, бүгүн Кыргызстандын U-20 жаштар курамасы «Барселона» футбол клубунун жаштар курамы менен беттешет. Оюн академиянын оюн тааласында орун алып, биздин кураманын Азия Кубогуна болгон даярдыгынын алкагында өтөт. Аталган оюнга КФБ жетекчиси Камчыбек Ташиев дагы күбө болот.

380