7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Каныбек Туманбаев тоолуу Алтайдын «Манжерок» курортуна барды

300

Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Садыр Нургожоевичтин тапшырмасы менен тоолуу Алтайдын «Манжерок» курортуна барып, аймактагы туристтик инфраструктура менен жакындан таанышып келди.

«Курорттун тажрыйбасы жана жетишкендиктери менен таанышып, мындай заманбап шарттарды Ысык-Көл облусунда, айрыкча Жыргалаң курортунда ишке ашырууну пландап жатабыз.

Каракол шаарында жаңы эл аралык аэропорттун курулушу аяктап, мындан ары туристтерди ар кайсы өлкөлөрдөн түз кабыл алууга мүмкүнчүлүк ачылды. Бул Ысык-Көлдүн кышкы туристтик мүмкүнчүлүгүн андан ары өнүктүрүп, аймактын экономикасына жана жергиликтүү калктын кирешесине зор салым кошоруна ишенебиз.

Жыргалаңда сапаттуу эс алуу шарттарын түзүү менен эл аралык деңгээлдеги курорттук жайларды өнүктүрүү башкы максатыбыз болуп саналат. Туризм аркылуу өлкөбүздүн экономикалык мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, Кыргызстанды дүйнө жүзүнө таанытуу багытында ишибизди уланта беребиз»,-деди ал.

 

301