7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Москва райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы кармалды

488

Чүй облусунун Москва райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

К.С.Т. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү мамлекеттик фондунун жерлерин берүү боюнча мекемелер аралык комиссиянын төрагасы болуу менен, комиссиянын айрым мүчөлөрү жана үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларынын өкүлдөрү менен биргеликте акча каражаттарын жана башка материалдык жыргалчылыктарды мыйзамсыз алуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы жөнгө салган.

Ал акчаны алгандан кийин айрым чарбалардын таламдарын алардын документтери КР мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбегенине карабастан ыңгайлаштырып алган.

23-январда аталган жаран кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

489