7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖАМК кызматкерлери соттолгон балалуу аялдарга белектерди тапшырды

304

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Чүй облусунун Аламүдүн районунун Степное айылындагы №2 аялдар түзөтүү абагында балдарды тарбиялап жаткан соттолгон аялдар үчүн оюнчуктар салынган беш керебет-манежин өткөрүп беришти.

Кызматкерлердин кайрымдуулук демилгеси соттолгон энелерди колдоо жана ымыркайлары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Соттолгон аялдарга белектерди Ички иликтөөлөр башкы башкармалыгынын башчысы Элбурс Токтомамбетов жана Тарбиялык, социалдык жана психологиялык иштер боюнча башкармалыгынын башчысы Нурдин Бердикожоев тапшырышты. Жолугушуунун жүрүшүндө алар мекемедеги режимди сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, соттолгондорго тез арада үй-бүлөсүнө кайтып келүүнү каалашты.

Өз кезегинде соттолгондор берилген белек-бекчелерге жана балдарга түзүлгөн шарт үчүн ыраазычылыгын билдиришти. Белгилей кектсек азыркы учурда мекемеде 5 соттолгон аял наристелери менен.

Мамлекет соттолгондорду кайра социалдаштырууга өбөлгө түзүүдө кармоо шарттарын жакшыртууга багытталган демилгелерди активдүү колдоп, жаңы мекемелердин курулушу, капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, тамак-аш жакшыртылып, жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү түзүп келет.

ЖАМК абак жайларында соттолгондорго, ошондой эле балалуу аялдарга карата гумандуу чөйрөнү түзүү боюнча иштерди улантууда.

305