7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БШКнын төрайымы иштен кетип, жаңы жетекчи дайындалды

338

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кызматынан кетти.

БШКнын жыйынында ал өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүү боюнча арызын кароону өтүнгөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү анын чечимин колдоп беришти.

Шайлдабекова 2016-жылдын июнь айында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, кийин төрайымы болуп дайындалган. 2021-жылдын июль айында БШКнын жаңы курамы түзүлгөндүктөн кайрадан төрайым болуп шайланган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы жетекчиси болуп буга чейин төрайымдын орун басары болуп келген Тынчтык Шайназаров дайындалды.

339