7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кардиохирургияга буга чейин өрт коопсуздук эрежеси боюнча эскертүү берилген

367

Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтуна ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө кызматы 2024-жылдын 26-мартында №00-03 текшерүү актысынын негизинде пландуу текшерүү жүргүзүп, 18 пункттан турган бузууларды четтетүү тууралуу эскертме жазуулар берилген.

Анын жыйынтыгында эскертме жазуулар толук кандуу аткарылбагандыктан “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 143-беренесине таянып 230 көрсөткүч эсебинде 23 миң сом административдик айып салынган.

Мындан тышкары текшерүүнүн негизинде эки суу алуучу гидрант оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ишке киргизилген.

Эске салсак, кечээ, 11-февраль күнү кечинде аталган институттан өрт чыгып, операциядан кийин ооруканада жаткан 1 жаш 7 айлык наристе жана 16 жаштагы өспүрүм Кардиологиянын жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан. Азыркы тапта бул окуя боюнча кылмыш иши козголду.

368