7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Фармацевтика тармагын өнүктүрүүгө Кореялык компания көмөктөшөт

343

Экономика жана сода министри Бакыт Сыдыков жана Кореянын «DK Consultants Co. Ltd.» компаниясы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтен билдирди.

Эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган меморандум төмөнкү  багыттарды камтыйт:

  • өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу жана өнөктөштүк формаларын изилдөөнү;
  • инвестицияларды тартууга жана колдоого көмөктөшүүнү;
  • фармацевтика тармагын өнүктүрүү – приоритеттүү багытты;
  • маалымат алмашуу жана керектүү маалыматтарды берүүнү;
  • биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүнү;
  • долбоорлорду талкуулоо үчүн жумушчу жолугушууларды уюштурууну камтыйт;

Бул кадам Кыргызстанда фармацевтика өнөр жайын өнүктүрүүгө өзгөчө түрткү берип, заманбап технологияларды киргизүү жана инвестиция тартуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

344