7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Каратегинден кат» даректүү тасмасы — кыргыз турмушунун энциклопедиясы

410

Таланттуу режиссер, продюсер Жаңыл Жусупжандын «Каратегинден кат» даректүү тасмасы 5-март күнү саат 19.00дө Бишкектеги кино үйүндө көрсөтүлөт.

Кинематография боюнча Европадан адистикти үйрөнгөн жана Франция, Чехия киночулары менен иш алып барган режиссер, азыркы ааламдашкан доордун агымындагы эл менен мурунку кыргыздын нукуралыгын, наркын салыштырып, аларды тасмада айрым көрүнүштөр аркылуу чагылдырып берген.

Жаңыл Жусупжан «Каратегинден кат» даректүү тасмасын тартуу учурунда Жерге-Талда жүргөндө кыргыздын баалулуктарын байкап, «Өткөн доордун жөнөкөйлүгүнө кайтып келгендей болдум. Бул жерде адамгерчилик, улууга урмат, кичүүгө ызаат менен жашашат. Эгер меймандостукту, илгерки таалим-тарбияны балдарыңызга үйрөтөм десеңиз, Жерге-Талга барыңыз!»- деп белгилейт.

Тасма 2014-2016-жылдары тартылып, бет ачары кино үйүндө өткөрүлгөн. 2017-жылы эл аралык «Бир дүйнө» фестивалында Гран Прини жеңип алган. Фильм кыргыз жана англис тилдеринде.

 

411