7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Маданият министрлиги артисттердин гастролдору үчүн 57 автобус сатып алат

308

Артисттердин гастролдору үчүн Маданият министрлиги 57 автобус жана кичи автобустарды сатып алат. Бул тууралуу Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында аталган бөлүмдүн башчысы Мирбек Мамбеталиев билдирди.

Анын айтымында, транспорт Кыргызстанга апрелдин аягында келет.

Мирбек Мамбеталиев министрлик маданият жана искусство тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу боюнча токтом долбоорун иштеп чыкканын кошумчалады. Бирок, тилекке каршы, Каржы министрлиги документке терс корутунду берген.

Мындан тышкары «Таш-Рабат» тарыхый-архитектуралык эстелиги Ат-Башы райондук маданият бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Буга чейин Маданият министрлигинин мурдагы жетекчиси Алтынбек Максүтов аталган башкармалык кербен сарайда реконструкция иштерин жүргүзөрүн билдирген.

Жыйында депутаттар социалдык тармакты өнүктүрүү маселелери боюнча парламенттин токтомунун аткарылышы боюнча министрликтердин отчетторун угууда.

309