7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте калпак жасоо боюнча мастер-класс өттү

666

Бүгүн Улуттук тарых музейинде кыргыз элинин улуттук баш кийими – ак калпакты жасоо боюнча мастер-класс жана тематикалык лекция өткөрүлдү.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, аталган иш-чара Кыргызстанда 2011-жылдан бери белгиленип келе жаткан Ак калпак күнүнө карата уюштурулду.

Лекциянын жүрүшүндө катышуучулар ак калпактын тарыхы, символикасы жана кыргыз маданиятындагы орду тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле атайын мастер-класста келген коноктор ак калпак жасоонун негизги ыкмаларын көрүштү.

Ак калпак күнү 2011-жылы режиссер Рысбек Жабировдун демилгеси менен белгилене баштаган жана ошол убакыттан бери жыл сайын майрамдалып келет. Бул күн улуттук мурастарды сактоо жана даңазалоо максатында өткөрүлүп, кыргыз элинин маданий өзгөчөлүгүн чыңдоого чоң салым кошууда.

667