7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Биринчи жазгы ишембилик. 300 тоннадан ашык таштанды чогултулду

434

Бишкекте биринчи жазгы ишембилик өтүп, анда 300 тоннадан ашык таштанды чогултулду.

Мэриядан билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө 353,5 тоннадан ашык таштанды жыйналды. Аны чыгарууга 95 даана атайын техника тартылган.

Тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн 580 мекемеге аймактар ​​бөлүнгөн.

Мониторингдин жүрүшүндө ишембиликке 1329 чарбакер субъекттен тышкары, 577 мекеме чыкканы аныкталды.

Жалпысынан ишембиликке 35 миң 297 адам катышып, 135,2 га аянт тазтазаланды.

Борбор калаанын аймагын жашылдандыруунун алкагында 335 көчөт отургузулду. 217 бак-даракка санитардык бутоо иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, Ала-Арча дарыясынын Семетей көчөсүнөн ЧБЧКга чейинки 1,7 чакырым аралыгы, сугат тармагынын 22530 погон метри тазаланды.

435