7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Иисус каймана аттуу кылмыштуу топтун мүчөсү тарапташтары менен кармалды

301

Иисус каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү жана анын тарапкерлери кармалганын УКМК кабарлады.

Уурдоо, каракчылык, опузалап талап кылуу жана башка бир катар оор кылмыштарды жасоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Иисус» деген ат менен белгилүү, бир нече жолу соттолгон, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган үч жаран кармалган.

Аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жана анын тарапкерлери материалдык пайда табуу максатында узак убакыт бою айрым жеке ишкерлерди куугунтуктап, физикалык зомбулук көрсөтүү менен коркутуп, опузалоо менен алектенишкен. Жалпысынан коркутуу жана зомбулук көрсөтүү жолу менен аффилирленген жактарга наркы 170 миң АКШ доллары болгон мүлктү тариздеген.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Алар уюшкан кылмыштуу топту түзгөн жана ага катышкан деп айыпталууда.

Белгилей кетсек, Көлбаевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрүн аныктоо жана кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

302