7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жумабеков: Кыргызстанда робот-хирургдар операция жасай баштайт

287

Жакында Кыргызстанда робот-хирургдар операция жасай баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын травматологдор жана ортопеддер ассоциациясынын президенти, академик, ортопед Сабырбек Жумабеков билдирди.

Дарыгер жакында эле Кытайга барып, робот-хирургдардын иштегенине күбө болуп келген.

«Кытай медицинасы дүйнөдө алдыңкы орунга чыкты десем жаңылбайм. Ортопедия, травматология тармагында жетишкен ийгиликтери өтө чоң. Көргөзмөдө жаңы технологияларды үч күн кыдырсаң да жетише албайсың.

100 миңден ашык ортопед-травматологдору бар, медицинасы күндөн-күнгө өнүгүүдө. Робот-хирургдарды чыгарган 9 заводу бар экен.

Бул барышта биз робот-хирургдардын иштегенине күбө болдук. Өз көзүбүз менен көрүп, операцияга бирге катышып, плюс-минустарын көрүп, баамдап келдик. Албетте, адамдык фактор биринчи орунда кала берет дечи, бирок робот-хирургдардын операцияга катышуусу бүгүнкү күндүн талабы.

Кудайым буйруса, жакын арада Кыргызстанда биз менен бирге биринчи робот-хирургтар өз иштерин баштайт», — деп жазган ал.

288