7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Жалал-Абаддын милиционерлерине кызматтык автоунааларды тапшырды

289

Бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аймактардын географиялык өзгөчөлүктөрүн, шаар жана райондордун кызматтык муктаждыктарын эске алуу менен Жалал-Абад облусундагы Ички иштер бөлүмдөрүнө жаңы кызматтык автоунааларды тапшырды.

Жалпысынан 2025-жылы чыгарылган 20 кызматтык автоунаа, анын ичинде “Chevrolet Cobalt”, “Sunray ESC” жана “JAC 4WD” үлгүсүндөгү унаалар, тийиштүү бөлүмдөргө берилип, алардын ыкчам ишмердигине олуттуу көмөк көрсөтүлдү.

Ташиев милиция кызматкерлерин өлкөнүн ички коопсуздугун жана жарандардын бейпил жашоосун камсыз кылууга ак ниет менен кызмат өтөөгө, мыйзамдуулукту сактоого жана элдин милицияга болгон ишенимин бекемдөөгө тынымысыз аракет кылуу зарылдыгын эскертти. Жана өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, мындан ары да укук коргоо жана коопсуздук органдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу аракеттери уланаарын белгиледи.

290