7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарына Москвадан түбөлүк оттун бөлүкчөсүн алып келишти

297

Бүгүн, 6-май күнү Ош шаарына “Эскерүү оту” эл аралык иш-чарасынын алкагында Кремлдин алдындагы белгисиз жоокердин мүрзөсүндөгү түбөлүк оттун бөлүкчөсү алып келинди.

Эл аралык акциянын алкагында Ош шаарындагы «Өчпөс от» мемориалдык комплексинин алдында жыйын-реквием өтүп, мемориалга от жагылды.

Андан соң түбөлүк оттун бөлүкчөсү Ош шаарынан соң өлкөнүн башка шаарларына өткөрүлүп берилди. Мындан сырткары, мемориалдык аянтта Улуу Ата Мекендик согушка катышып, курман болгон жоокерлердин тизмесин камтыган QR-коддун ачылышы болду.

Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулу Андрей Бибишев, Кыргызстандагы Орусия кызматташтыгынын Ош шаарындагы өкүлү Дмитрий Аврам, ардагерлер жана шаар тургундары катышты.

Белгилей кетсек, Ош шаарына Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын элесине арналган түбөлүк оттун бир бөлүгүн Орусиянын көрүнүктүү спортчусу — 14 жолку дүйнө чемпиону, 5 жолку Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү, 3 жолку Олимпиада чемпиону, Орусиянын Лыжа жарыштары федерациясынын президенти, Гиннесстин рекорддор китебине XX кылымдын эң мыкты лыжачысы катары кирген, ошондой эле «Путиндин командасынын» мүчөсү болгон Елена Вяльбе алып келди.

Иш-чара быйыл Ош шаарында төртүнчү жолу өтүп жатат.

298