Ошто бардык соодагерлер 1-июлда жаңы муниципалдык базарга көчүрүлөт
191
Ош шаарындагы бардык базарлар 1-июлдан жаңы муниципалдык базарга көчүрүлөт. Бул тууралуу мэрия билдирет.
Мэр Жеңишбек Токторбаев жеке инвестор тарабынан курулуп жаткан базардын курулушун көрүп, жумуштарды тездетүүнү тапшырды.
Бул жаңы курулуп жаткан базарга 1-июль күнү Ош шаарындагы (төрт базар бир күндө) “Келечек”, “Бексултан”, “Кийим-кечек” рыногу, ошондой эле Шейит-Дөбөдөгү курулуш материалдарын жана боёк сатуучу базарлар көчүрүлөт.