7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эвакуатор алып кеткен унааңызды онлайн көрө аласыз

222

«Менин шаарым» мобилдик тиркемесине жаңы функция кошулду. Бул функция аркылуу колдонуучулар туура эмес токтотулуп, эвакуацияланган автоунаалар тууралуу маалыматты реалдуу убакыт режиминде көрө алышат.

Эми шаар тургундары өздөрүнүн автоунаасынын кайда экендигин жана эвакуация кызматтары менен байланышуу маалыматтарын тез арада билишет. Бул жаңылык шаардык кызматтардын ишин ачык-айкын кылууга жана жарандар менен муниципалдык органдар ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга багытталган.

Кантип иштейт:

«Кызматтар» бөлүмүнүн «Эвакуатор» функционалдык модулунда колдонуучулар автоунаасынын мамлекеттик номерин киргизишет. Эгер автоунаа эвакуацияланган болсо, тиркеме анын учурдагы жайгашкан жерин картадан көрсөтүп, токтотулган атайын аянттын дарегин берет.

Жаңыртуу азыр iOS жана Android үчүн жеткиликтүү. Жаңы функцияны колдонуу үчүн «Менин шаарым» тиркемесинин акыркы версиясын жүктөп алуу сунушталат.

223