«Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору» мамлекеттик мекемесинин алдындагы үч лабораториянын Серология бөлүмдөрү Кыргыз аккредитациялоо борборунун аккредитациясынан өттү.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, натыйжада эл аралык стандарттарга шайкеш келген сертификатка ээ болду.
Аталган ГОСТ ISO/IEC 17025:2019 сертификаты ветеринардык диагностикадагы эл аралык талаптарга жооп берип, дартты так аныктоого жана алынган жыйынтыктардын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Бул жетишкендик өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүүгө, ошондой эле чет өлкөлөргө мал чарбачылыгына байланыштуу продукцияны тоскоолдуксуз чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.