7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Туристтик мезгил: Ысык-Көлгө Бишкектен милиция кызматкерлери жөнөтүлдү

390

Жакынкы күндөрү Ысык-Көл облусунда туристтик мезгилдин расмий ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек шаарынан Ысык-Көл облусуна коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого жардам иретинде кошумча кызматкерлер жана кызматтык унаалар баратат.

Бул иш-сапарга жөнөтүлгөн кызматкерлер жайкы туристтик мезгил бүткөнгө чейин Ысык-Көл облусунун аймагындагы эс алуучу жайларда, пансионаттарда, балдар лагерлеринде, унаа кыймылы көп жерлерде жол тыгындарына жана жол кырсыктарына жол бербөө багытында иш алып барат.

Айрыкча мас абалында унаа башкаргандарга, автоээнбаштык жасагандарга жана каршы тилкеге чыгуу менен одоно эреже бузгандарга катуу чаралар көрүлөт.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

391