32 жаштагы блогер Жанара Осмоналиева чуу жараткан көйнөгү үчүн эмес, адепсиз жана оозго алгыс сөздөр менен сөгүнгөн видеосу үчүн кармалып, сот чечими менен майда бейбаштык боюнча 3 суткага камакка алынды.
Бишкек ШИИББи тараткан видеодо блогер кечирим сурап, мындай жосун кайталанбасын билдирген.
Блогер буга чейин Бишкек эл аралык кинофестивалында ачык кийинип чыгып, коомдо кызуу талкуу жараткан. Натыйжада иш-чаранын уюштуруучуларына сөгүш берилген.