7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев Киберкоопсуздук боюнча ЖККУнун эл аралык конференциясын ачты

50

Бүгүн, 19-июнда Ысык-Көл облусунун аймагында ЖККУ өлкөлөрүнүн кибер коопсуздук боюнча эл аралык конференциясынын салтанаттуу ачылышы, ЖККУнун Консультативдик координациялык борборунун кеңешинин жыйыны жана ЖККУга мүчө-мамлекеттердин өкүлдөрүнүн катышуусунда Улуттук кибер машыгуулар болуп өттү.

Ачылыш аземин Камчыбек Ташиев жетектеди. Иш-чарага Россиянын Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары Шевцов Алексей Леонтьевич, ЖККУнун Башкы катчысы И.Н.Тасмагамбетов жана ЖККУ, КМШ жана ШКУга мүчө мамлекеттердин башка жогорку даражалуу өкүлдөрү катышты.

Камчыбек Ташиев өз сөзүндө киберкоопсуздук улуттук жана аймактык коопсуздуктун приоритеттүү багыттарынын бири экендигин баса белгиледи.

«Бул конференция улуттук жана эл аралык деңгээлде киберкоргонууну бекемдөө боюнча мындан аркы аракеттерге негиз боло ала турган билим, тажрыйба жана чечимдерди алмашуу үчүн уникалдуу аянтчаны түзөт. Бул иш-чаранын жүрүшүндө боло турган талкуулар теориялык ыкмаларды гана эмес, биздин маалыматтык системалардын коопсуздугун жогорулатуу боюнча практикалык кадамдарды да иштеп чыгууга мүмкүндүк берет деп ишенебиз» — деди Ташиев.

Конференциянын алкагында катышуучулар төмөнкү артыкчылыктуу багыттарды талкуулашты:

  • Киберкылмыштуулук, кибертерроризм жана кибершпиондук менен күрөшүү;
  • Ыкчам маалымат алмашуу жана өлкөлөр ортосундагы иш-аракеттерди координациялоо механизмдерин өнүктүрүү;
  • Мамлекеттик жана корпоративдик секторлордо маанилүү маалыматтык инфраструктураны коргоо;
  • Киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базаны түзүү жана шайкеш келтирүү;
  •  Кибер инциденттерде жөнгө салынган аракеттерди практикалоого багытталган биргелешкен улуттук жана мамлекеттер аралык кибер окууларды уюштуруу;
  • Маалыматтык коопсуздук жаатында кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана билим берүү программаларын өнүктүрүү;

Кыргызстанда ЖККУ, ШКУ жана КМШ өлкөлөрүнүн киберкоопсуздугу боюнча биринчи эл аралык конференциясынын өткөрүлүшү өлкөнүн санариптик коопсуздук чөйрөсүндөгү аймактык кызматташуу борбору катары өсүп жаткандыгын далилдейт. Иш-чара мамлекеттик органдар менен бизнестин ортосундагы ишенимди жана өнөктөштүктү бекемдөөгө гана салым кошпостон, Евразия мейкиндигинде заманбап санариптик коркунучтардан коргонуунун жамааттык системасын калыптандырууга бекем негиз болду.

 

51