7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде чек арачылардын кызмат өтөө шарттары жакшырды

29

Күн мурун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында №2053 аскер бөлүгүнүн штабы жана «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын кызматтык шарттары менен таанышып чыкты.

Аталган отряд үчүн түзүлгөн шарттар Камчыбек Ташиевдин жеке тапшырмасынын негизинде башталган масштабдуу курулуш иштеринин алкагында ишке ашырылды. Алсак, 2022-жылы башталган аскер шаарчасындагы курулуштар толугу менен аяктап, азыркы күндө төмөнкүдөй инфраструктура менен камсыз болду:

  • этно шаарча элементтери;
  • жаңы казармалар жана жатаканалар;
  • ашкана жана актовый зал;
  • саптык аянт;
  • спорт комплекси жана мончо;
  • эс алуу жайлары;
  • автопарк.

Ташиев мекенди коргоо – ар бир жарандын ыйык милдети экенин баса белгилеп, аскер кызматкерлерине алкышын билдирди. Ал ошондой эле мамлекет тарабынан мындан ары да чек ара кызматын материалдык жана моралдык жактан колдоо иштери улантыларын билдирди.

Баткендеги бул жаңы аскердик шаарча мамлекеттин коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга жана чек ара аймактарындагы стабилдүүлүктү сактоого чоң салым кошот. Бул отряд чек ара коопсуздугун сактоо, терроризмге жана мыйзамсыз ишмердиктерге каршы күрөшүүдө өзгөчө мааниге ээ.

Жаңы түзүлгөн шарттар аскерлердин оперативдүү даярдыгын жогорулатууга, кесипкөйлүгүн бекемдөөгө жана алардын моралдык-психологиялык абалын көтөрүүгө өбөлгө түзөт.

30