УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындарынын атын пайдаланган шылуун кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
Маалыматка караганда, Ташиевдин уулу менен «жакындыгын» бетке кармап, ири өлчөмдө акча алган С.А.Б. аттуу жаран жабырлануучуну УКМК төрагасына киргизем деп убада бергени айтылат. Мындан тышкары, индустриялык парктан бир нече соода жайын алуу маселесин чечип бермек болгон. Бул «кызматы» үчүн шектүү 50 миң доллар жана 20 миң долларлык автоунаа алган.
Натыйжада кылмыш иши козголуп, 25-июнда кармалган С.А.Б. тергөө абагына киргизилди.