7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ӨКМге 28 атайын техника жана шаймандар тапшырылды

14

Бүгүн Кыргыз куткаруучуларынын кесиптик майрамын утурлай Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын техникалар жана шаймандар тапшырылды.

Техникаларды УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырды. Ал куткаруучулары кесиптик майрамы менен куттуктап, жыл сайын өзгөчө кырдаалдардын санынын өсүшү реалдуу коркунучтарды жаратып жатканын жана жооптуу мамлекеттик кызматтардын аларга даяр болушу чоң мааниге ээ экенин белгиледи.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев мамлекет башчыларынын колдоосу менен алынган бул заманбап, атайын жана инженердик техникалар, жабдуулар жарандардын өмүрүн сактоодо, өлкө аймагындагы күтүлбөгөн кырсыктардын кесепетин жоюу боюнча комплекстүү чараларды ишке ашырууга өзгөчө салым кошоору шексиз экенин белгиледи.

ӨКМге жалпы 28 техника тапшырылды. Ошондой эле 500 даана өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн кийими жана башка өрт өчүрүүчү шаймандар тапшырылды.

15