7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дипфейк – алдамчылыктын жаңы түрү. ИИМ жарандарды сак болууга чакырат

299

Ички иштер министрлиги алдамчылыктын жаңы түрү, атап айтканда дипфейк пайда болгонун маалымдайт.

Дипфейк — бул жасалма интеллект аркылуу адамдардын реалдуу видеолору, же үндөрү аркылуу алдамчылыктын тузагына илүү жолу деп түшүнсөк болот.

Ал эми бүгүнкү күндө ар бир адамдын жүзүн, же үнүн пайдалануу менен алдаган фактылар да пайда болууда. Алдамчылыктын бул түрү адамдарды алдап, акча каражатын, жеке маалыматтарын, же системаларга кирүү мүмкүнчүлүгүн алууга колдонулат.

Министрлик мындай алдамчылыктан сак болуп, шек жараткан билдирүүлөрдү тактап, акча же купуя маалымат сураганда түз байланышып билүүңүз керек экенин, жеке маалыматтарды жана сыр сөздөрдү бөлүшпөнү эскертет.

«Алдамчылар ойлонууга мүмкүнчүлүк бербегенге аракет кылат, шашып дүрбөлөңгө түшпөстөн милиция кызматкерлерине, же «102» кызматына билдириңиз», — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча, дипфейктерди түзүү, жайылтуу жана колдонуу кылмыш жоопкерчилигине алып келет. Бул аракеттер адамдын укугун бузуу жана жалган маалымат таратуу катары каралат.

300