Эртең, 7-августта Бишкектин түндүк-батыш тарабында ичүүчү суу өчүрүлөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең саат 10:00дөн 20:00гө чейин борбор калаадагы 10-кичи району; Масалиев –Ч. Айтматов проспектилери – Ы. Абдрахманов- Садырбаев көчөлөрү; Масалиев –Ч. Айтматов проспектилери – Токтоналиев – М. Гшлиессер көчөлөрү менен чектешкен аймакта суу берүү токтотулат.
Суу диаметри 500 мм болгон ВДНХ резервуарларды оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу токтотулат.
Бишкек мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калктан, уюмдардан ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.