7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Караколдо курулган жаңы батирлердин ачкычын тапшырды

7

Президент Садыр Жапаров, 8-августта, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган жаңы «Хан-Теңири» кичи районундагы батирлердин ачкычын тапшырды.

Ачкычтарды тапшыруу салтанаттуу аземинин башында Мамлекет башчысы көптөн күткөн жана кубанычтуу учур Каракол шаарына да жеткенин баса белгиледи. Бул жерде бүтүндөй кичи районду куруу боюнча масштабдуу долбоор ишке ашырылды. Ал жалпысынан 3105 батирди камтыган 69 блоктон турган тогуз кабаттуу турак жайды бириктирет. Азыркы тапта 420 батирдин ачкычы тапшырылды. Кичи райондо унаа токтотуучу жай, заманбап мектеп жана бала бакча, мечит куруу каралган.

Жашоочулардын ыңгайлуу жашоосу үчүн зарыл инфраструктуралык жана социалдык объектилер салынган. Садыр Жапаров үйлөрдү курууда сапаттуу курулуш материалдары колдонулуп, сейсмикалык коопсуздуктун бардык талаптары катуу сакталып жатканын баса белгиледи. Бардык иштер Президенттин жеке көзөмөлүндө турат. «Ысык-Көл облусундагы турак жайлардын курулуштары муну менен эле токтоп калбайт.

2025-жылдын аягына чейин Чолпон-Ата шаарында көп кабаттуу үй куруунун биринчи этабын бүткөрүп, тапшырып берүүнү пландап жатабыз. Ошондой эле жакында Балыкчы шаарында жаңы турак жайлардын курулушу башталганын билесиздер. Турак жай менен катар, жалпы облусту ар тараптан өнүктүрүү, социалдык, экономикалык жана инфратүзүмдүк жактан жаңылоо иштери да жигердүү жүрүүдө», — деди Садыр Жапаров. Бул байланыштуу ал Ысык-Көл көлүнө, дегеле облус аймагындагы кереметтүү жерлерибизге туристтерди тартууну күчөтүү үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүп жатканына көңүл бурду. Туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, инфратүзүмүн жакшыртуу жана тейлөө сапатын жогорулатуу аркылуу Ысык-Көлдү Кыргызстандын жана Борбор Азия регионунун негизги туристтик борборлорунун бири катары өнүктүрүү максаты коюлган. Аймактарды өнүктүрүүнүн натыйжалуу куралы болуп «Менин үйүм» турак жай программасы да саналат.

Бүткүл Кыргызстан боюнча 70 миңге жакын батирдин курулушу жүрүп жатат. Садыр Жапаров ошондой эле учурда кошумча жер тилкелерин аныктоо жана келечектеги турак жай комплекстерин долбоорлоо боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.

«Биз 70 миң батир менен эле токтоп калбайбыз. Мындан ары дагы батирлерди салып берип, элге тапшырууну уланта беребиз. Мындай иш-аракеттер аркылуу биз жүздөгөн жумуш орундарын түзүү менен жергиликтүү экономикага кошумча дем берип, курулуш тармагынын, ички өндүрүш менен чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө да шарттарды түзүп жатабыз», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Андан соң Президент Садыр Жапаров Каракол шаарынын тургуну, облустук бириккен ооруканада иштеген 3 баланын энеси Махабат Шеримбековага жаңы батирдин ачкычын тапшырды. Ошондой эле батирлерди көрүп чыгып, жаңы конуш ээлери менен баарлашып, аларга жаңы үйлөрү берекелүү жана тынч болсун деген тилегин айтты.

8