Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы өткөрмө бекеттерде оор жүк ташыган автоунааларга электрондук кезек киргизилерин билдирди.
Долбоор ишке ашса айдоочулар чек ара бекетинде күндөп кезек күтпөй электрондук кезекке турат жана кезеги жеткенде посттон өтөт, бирок кезек качан иштеп баштайт азырынча белгисиз.
Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда жалпы беш көзөмөл-өткөрмө бекети бар. Чүй облусунда “Ак-Тилек”, “Чалдыбар”, “Ак-Жол” жана Талас облусунда “Чоң-Капка” өткөрмө бекеттери иштейт.