7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусиялык суучул Босфордо сууга сүзүү учурунда жоголуп кеткен

410

Тажрыйбалуу орусиялык сууда сүзүүчү Николай Свечников Түркияда Босфор кысыгын сүзүп баратып дайынсыз жоголду.

Өзүнүн сууда сүзүү мектебин негиздеген 30 жаштагы спортчу Стамбулда жыл сайын өтүүчү, континенттер аралык «Босфор-2025» спорттук иш-чарасында 6, 5 чакырымдык сүзүүгө катышкан. Сууда сүзүүгө үч миңге жакын спортчу катышты, алардын арасында Свечниковдун окуучулары да бар.

Учурда издөө иштерине Түркиянын Жээк коопсуздук кызматы катышууда. Бирок азырынча спортчунун кайда экени тууралуу расмий маалымат жок.

«Иш-чаранын уюштуруучулары азырынча кырдаал боюнча толук комментарий бере элек, бирок катышуучулардын коопсуздугу ар дайым биринчи орунда экенин баса белгилешет», — деп айтылат маалыматта.

 

 

411