Бүгүн, 7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин 5-сессиясынын ачылышы Жогорку Кеңештин имаратынын жаңыдан оңдолгон залында өттү.
Парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу сессияны ачып жатып, депутаттар көп жылдардан бери биринчи жолу Жогорку Кеңештин жаңыдан оңдоп-түзөөдөн өткөн имаратында отурганын белгиледи.
Төрага бул залда өлкөнүн, ар бир кыргызстандыктын тагдырына оң таасирин тийгизе турган объективдүү, туура жана адилет чечимдер, мыйзамдар кабыл алынарына ишеним билдирди. Ошондой эле депутаттарды мындан ары да мекенге, элге кызмат кылууга чакырды.
Депутаттардын кезектеги жыйыны 3-сентябрда өтүп, комитеттер график боюнча ишин баштайт.
Посмотреть эту публикацию в Instagram