Жаңы тартипке ылайык, 2025-жылдын 20-сентябрына чейин тигүү жана текстиль тармагындагы жеке ишкерлер жалданма жумушчулары үчүн киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча STI–161 формасы менен ай сайын отчет тапшырууга милдеттүү. Бул туурасында Салык кызматы билдирет.
«Тигүү өндүрүшүнүн жеке ишкери» тарифин алуу үчүн Салык кызматынын жергиликтүү башкармалыгына арыз менен кайрылышы керек.
Тариф жалданма кызматкерлердин акыркы алынган камсыздандыруу полистеринин мөөнөтү аяктагандан кийин күчүнө кирет.
Эгерде жеке ишкер жалданма жумушчулары үчүн алдын ала камсыздандыруу полисин сатып алган болсо, анда отчеттуулукка бул полистердин мөөнөтү бүткөндөн кийин гана өтөт.
Мамлекеттик салык кызматы эскертет:
- Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкалары мурдагы камсыздандыруу полисинин ставкаларына окшош бойдон калат;
- Камсыздандыруу төгүмдөрү отчеттук айдан кийинки айдын 15ине чейин төлөнүшү керек;
- Киреше салыгы жана отчет отчеттук айдан кийинки айдын 20сына чейин берилет.