7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши реформа боюнча эмне дейт?

523

Кыргызстанда Конституция боюнча референдум ачык-айкын жана шайлоолордун эл аралык стандарттарын сактоо менен өттү. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысынын орун басары Омер Кожаман билдирди.

Анын айтымында, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин байкоочулары Бишкектеги 21 шайлоо тилкесинде болду.

“Миссия жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумга добуш берүүгө байкоо жүргүздү. Миссиянын курамына шайлоолорго мониторинг жүргүзгөн эксперттер, дипломаттар жана башкалар кирген. Биздин миссия Кыргызстандагы шайлоодо заманбап технологияларды колдонгондугун колдойт. Анткени ал башка өлкөлөрдө жакшы жыйынтык берген”, — дейт ал.

Омер Кожаман Түрк кеңешинин ишине кийлигишүү же бөгөт коюулар болгон жоктугун белгилейт.

“Конституция боюнча референдум ачык-айкын, улуттук мыйзамдын негизинде, ошондой эле жалпы таанылган демократиялык шайлоолордун эл аралык стандарттарын сактоо менен өттү”, — деп билдирди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана Конституция боюнча референдумга добуш берүү өттү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

524