7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бирөөңөн да коркпойм!» Парламентте кайрадан ызы-чуу

354

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар кайым айтыша кетти.

«Түшүнөм, көбүңөргө Кыргызстандын келечеги керек деле эмес, бирок тынч отуруп берип койгулачы«, — деди парламентте депутат Эрулан Көкүлов кесиптештерине.

Мындан кийин ага Акылбек Түмөнбаев жооп кайтарып, эл өкүлдөрү кайым айтыша кетти. Анын жүрүшүндө Көкүлов Жогорку Кеңештин депутаттарына сын айтты.

Өкмөт келсе үнүңөр чыкпай калат, тизилип отурасыңар. Мен силерге видеофакты менен беш секундда көрсөтүп берем”, — деди Көкүлов.

Соңунда ЖК төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Көкүловду жалпы парламентке сөз тийгизбөөгө чакырып, өкмөт менен Жогорку Кеңештин ортосуна депутат от жакпаш керектигин белгиледи.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

355